• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

"Кыргыз маданият сервис" ишканасынын ишмердүүлүгү боюнча бир катар тапшырмалар берилди

Өкмөт 0

Бишкек, 22.09.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу "Кыргыз маданият сервис" мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Минкаб башчысы тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте министрликтин балансына өтө турган имаратты жана кампаларды көрүп чыкты.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовдун айтымында, "Кыргыз маданият сервис" мамлекеттик ишканасынын бул имараттарында костюмдарды, декорацияларды, үн жана видео жазуу студияларын жасоочу цехтер түзүлөт жана музыкалык аспаптар, жабдуулар, жасалгалар ушул жайларда сакталат.

Мындан тышкары, сактоочу жайлар ведомствонун унааларын тейлөөчү жана эксплуатациялоочу жай болуп калат.

Акылбек Жапаров аталган жайды министрликтин балансына өткөрүү маселесин иштеп чыгып, министрликтин башка мекемелери да жайгаша турган оңдоо иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, "Кыргыз маданият сервис" мамлекеттик ишканасынын милдети театралдык, музыкалык, көркөм жана адабий искусствону жайылтуу жана көркөмдүк деңгээли жогору программаларды түзүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий