• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Кыргыз-орус парламенттер аралык кызматташтыгын чыңдоо маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 15.11.24. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Россиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрагасынын орун басары Константин Косачев менен жолукту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус парламенттер аралык кызматташтыгын чыңдоо жана өнүктүрүү маселелерин талкуулап, эки өлкөнүн парламенттеринин ортосунда боло турган биргелешкен иш-чаралар тууралуу пикир алышты.

Мамлекеттер ортосундагы маданий-гуманитардык долбоорлорду ишке ашырууга, Россиянын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарынын абалына, ошондой эле кыргыз-орус эки тараптуу актуалдуу маселелерди чечүүдө парламенттердин ролун күчөтүү зарылдыгына көңүл бурулду.

Тараптар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү үчүн туруктуу байланыштарды түзүүнүн жана күч-аракеттерди жумшоонун маанилүүлүгү жөнүндөгү пикирлерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий