КР жана Швеция ТИМдеринин видеоконференция форматында консультациялары өттү

Саясат 0

Бишкек, 22.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 21-октябрында Кыргызстандын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлиги менен Швеция Падышачылыгынын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда видеоконференция форматында консультациялар өттү. Бул тууралуу КР тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз тараптан КР тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлигинин Үчүнчү саясий департаментинин директору Улан Жусупов, ал эми швед тараптан Швеция Падышачылыгынын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа жана Борбордук Азия департаментинин директору Мартина Куик катышты.

Тараптар кыргыз-швед кызматташтыгынын айрым чөйрөлөрүндө эки тараптуу кызыкчылык жараткан актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Тышкы саясий ведомствосунун департаментинин директору У.Жусупов өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар, коррупцияга каршы күрөшүү, 2021-жылы КР Конституциясынын жаңы редакциясын кабыл алуу, ошондой эле 2021-жылдын 28-ноябрында өтө турган Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо тууралуу маалымат берип, Швециянын өкүлдөрүн эл аралык байкоочу катары чакырды.

Швеция Королдугунун Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунда (ЕККУ) 2021-жылы учурдагы төрагалыгын эске алуу менен, тараптар бул эл аралык уюмдун алкагында Кыргызстан менен Швециянын ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле тараптар Кыргыз Республикасы менен Швеция Падышачылыгынын дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгынын алкагында 2022-жылы биргелешкен иш-чараны өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

КР Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлигинин өкүлү 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында өтүүчү «Европа Биримдиги - Борбордук Азия» Биринчи Экономикалык Форуму жөнүндө маалымат берип, швед тарапты бул маанилүү саясий жана экономикалык иш-чарага активдүү катышууга чакырды.

Тышкы саясий консультациялардын жүрүшүндө климаттын өзгөрүшү, экология, «жашыл экономика», саламаттык сактоо, ошондой эле консулдук чөйрөдө кызматташуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле Кыргызстан менен Швециянын тышкы саясий ведомстволорунун өкүлдөрү Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин да талкуулашты. Афганистандагы кырдаал тууралуу айтып жатып, тараптар бул өлкөдөгү бардык ички саясий процессти тынчтык жолу менен жөнгө салууга өз ара кызыкдар экенин белгилешти, өз кезегинде Улан Жусупов бул процессте Кыргызстандын салымы тууралуу маалымат берди.

Тараптар 2022-жылы кезектеги тышкы саясий консультацияларды өткөрүүнү макулдашып, анын мөөнөтү жана өткөрүү жайы дипломатиялык каналдар аркылуу талкууланат.

Аталган консультациялардын ишине Кыргызстандын Германиядагы, Швеция Падышачылыгындагы элчиси Эрлан Абдылдаев жана Швеция Падышачылыгынын Кыргызстандагы элчиси Кристиан Камилл катышты.

Пикир

Оставить комментарий