• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Кыргыз студенттери Кореяда өткөн эл аралык сынактын баш байгесин багындырды

Билим Кыргызстан 0

Бишкек, 14.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Энактас командасы тарабынан даярдалган "ТАПТЫК" долбоору Түштүк Кореяда өткөн Seoul Smart City Prize эл аралык конкурсуна катышып, "Human CentriCity" номинациясында баш байгени багындырды.

Кыргыз мамлекеттик техникалык окуу жайынан билдиришкендей, иш чарага дүйнѳнүн ири шаарларынын мэрлери, эксперттери катышып, конкурска 160 өлкөдөн катышуучулар ат салышкан.

Кыргызстандын атынан барган КМТУнун Энактас командасы Human CentriCity категориясында 15 өлкөнүн ичинен жеңүүчү деп табылды.


Энактас командасы тарабынан иштелип чыккан "Таптык" долбоору көзү азиз жана начар көргөн адамдарга жардам берүү максатында инновациялык үн картасы болуп саналат.


Ал музейлер, китепканалар жана мамлекеттик мекемелер сыяктуу коомдук жайларга орнотууга ылайыкталып, шаардык чөйрөдө багытты оңой жана жеткиликтүү түшүнүүгө жардам берет. Долбоордун социалдык мааниси мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган.
Маалымат үчүн: Seoul Smart City Prize — бул шаарларда жашоонун сапатын жакшыртууга багытталган инновациялык технологияларды илгерилетүүнүн дүйнөдөгү алдыңкы платформалардын бири. Сыйлык кыйынчылыкка туш болгон адамдардын жашоо шартын жакшыртууну камтыган инклюзивдүү акылдуу шаар моделин түзүүгө багытталган. Сынактын уюштуруучулар, WeGO ассоциациясы жана Сеул шаарынын өкмөтү, акылдуу шаар адамга жана технологияга багытталышы керек экенин, жөн гана технологияларды өнүктүрүүгө көңүл буруунун актуалдуулугун белгилешет.

Пикир

Оставить комментарий