• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 25 жылдыгы белгиленди

Коом 0

Бишкек, 03.12.21. /Кабар/. Бишкекте Кыргыз-Түрк “Манас” университети ачылганына 25 жыл толгону белгиленди. Бул тууралуу аталган окуу жайдан кабарлашты.

Иш-чара кечээ, 2-декабрда “Манас” университетинин Маданият борборунда өттү.

Иш-чарага Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган, билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Калыс Шадыханов, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Бишкектеги өкүлү Мехмет Давулжу, Азербайжандын элчиси Латиф Сейфеттин Оглу Гандилов, Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын ректору Чынара Адамкулова катышты.

Иш-чара эки өлкөнүн улуттук гимндери менен башталып атайын чакырылган сыйлуу конокторго куттуктоо сөздөрү ыйгарылды. Ошондой эле салтанат менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий