Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Кыргыз-түрк достук ооруканасы боюнча маселе чечилген, - деп баса белгиледи өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.
Анын айтуусуна караганда, иштөөгө зарыл болгон тиешелүү жабдыктар орнотулуп, дарыгерлердин курамы бекитилген.
"Биздин ооруканалар толуп, коронавирус менен ооруган бейтаптардын саны көбөйө турган болсо, анда аталган оорукана ачылат. Учурда ал даяр турат, алардын базасына ооругандарды жайгаштырабыз", - дейт ал.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 14-апрелге карата коронавирус жуктурган 11 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 430га жетет. Алардын ичинен 71 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.
Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.
Пикир
Оставить комментарий