• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда COVID-19 жуктургандар менен 7,1 миң адам байланышта болгон - Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Кыргызстан боюнча COVID-19 коронавирустук инфакциясын жуктургандар менен 7 миң 100 адам байланышта болгон. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, жакын байланыштар (I категория) – 1 миң 417 адамды, ал эми башка байланыштар (II категория) – 5 миң 683 адамды түзөт.

Ошондой эле ал белгилегендей, Кыргызстан боюнча обсервацияда 974 адам жатат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 14-апрелге карата коронавирус жуктурган 11 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 430га жетет. Алардын ичинен 71 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий