• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кыргыз-тажик чек ара маселесинин эң татаал жумуштары аягына чыкты – Саламат Аламанов

Саясат 0

Бишкек, 04.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Кыргыз-тажик чек ара маселесинин эң татаал жумуштары аягына чыкты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине чек ара маселелери боюнча адис, элчи жана окумуштуу Саламат Аламанов билдирди.

Анын айтымында, чечилбей келе жаткан акыркы тилкелердеги чек ара сызыктары такталгандан кийин маселе эки тарапта тең тийиштүү процедуралардан өтөт.

“Эми документти талкуулардан өткөрүп, өкмөт, Жогорку Кеңеш карашы керек. Анан алар колдосо, мыйзам жазылып, документтин негизинде макулдашуу болот. Эгер ушул иштердин баары бүтсө, анда мыйзам долбоору ратификацияланат”, - деди Саламат Аламанов.

Ошондой эле ал көп жылдардан бери чечилбей келген чек ара маселеси чечилип, иштердин соңуна чыгып калганы жалпы регион үчүн маанилүү болуп жатканын айтты.

“Мен чек ара маселелери кандай иш экенин жон терим менен сезген адаммын. Ошондуктан мен ишти аткарып жаткан жетекчилер чоң ийгиликке жетишти деп баалап, бул эки тараптын мындан аркы мамилесине, ошол эле маалда жалпы эле региондогу абалдын жакшы нукта болуусуна өбөлгө түздү деп эсептеймин. Бул иштер алкоого татыктуу болду”, - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий