• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Кыргызстан-Өзбекстан ТИМдер аралык консультациялар өттү

Саясат 0

Бишкек, 25.01.23. /Кабар/. 24-25-январда Бишкекте Кыргызстан жана Өзбекстандын Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташуу программасын ишке ашыруунун алкагында кыргыз-өзбек келишимдик-укуктук базасын инвентаризациялоо жана өркүндөтүү боюнча ТИМдер аралык консультациялар болуп өттү.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, Кыргызстан менен Өзбекстандын Тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрү эки тараптуу эл аралык келишимдердин жана башка эл аралык документтердин тизмектерин актуалдаштыруу боюнча иш алып барышты.

Белгиленгендей, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык деңгээлде 225ден ашуун эл аралык келишим жана 75ге жакын эл аралык документке кол коюлган.

Консультациялардын жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн тышкы саясат ведомстволорунун укук кызматтарынын тажрыйбасы жана эл аралык келишимдерди түзүү жана аткаруу, эл аралык келишимдердин депозитарийи функциясын жүргүзүү жаатындагы практикасы жана башкалар тууралуу маалымат менен алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий