• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери жакынкы айларда жыйынтыкталат – ТИМ

Саясат 0

Бишкек, 05.08.24. /Кабар/. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери жакынкы айларда жыйынтыкталат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 90%ы такталды.

“Жумушчу топтор жума сайын жолугушууларды өткөрүп жатат. Өкмөттөр аралык комиссия бир жумада Кыргызстанда, бир аптада Тажикстанда жыйынга чогулууда. Азыр бир катар жагдайлар боюнча макулдашуулар жүрүүдө. Жакынкы айларда бул маселе чечилет”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий