• 87
  • 90.59
  • 0.87

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр өткөрүлдү

Саясат 0

Бишкек, 24.11.24. /Кабар/. Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун ортосунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча жолугушуусу өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын башчылары жумушчу топторго эки мамлекеттин чек ара сызыгын мындан ары тактоо үчүн иштерди улантуу боюнча конкреттүү тапшырмаларды беришти.

Белгиленгендей, жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Пикир

Оставить комментарий