• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн район акимдеринин жолугушуусу өттү

Аймак 0

Бишкек, 01.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана Тажикстандын Исфара районунун төрагасы Баховаддин Баходурзода жетектеген тийиштүү делегациялардын кезектеги жолугушуусу болду.

Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу 31-декабрада Баткен районунун Кызыл-Бел өткөрмө бекетинде өткөн.

Жолугушууга эки тараптын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин башчысы катышты.

Тараптар жолугушууда чек ара, укуктук тартип, күндөлүк жашоодо болуп жаткан маселелер туурасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүлдү.

Андан сырткары, эки элди түрдүү чагымчыл чакырыктарга алдырбоо маселелери каралып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен чек аралаш аймактарда туруктуулукту сактоо жактары жана жаңы жылдык иш-чараларга байланыштуу бир топ чараларды көрүү жагы макулдашылды.

Алар:

  • чек аралаш аймактарда түрдүү чыр-чатактардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча эки тараптуу укук коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөө;
  • атайын кайгуулдарды уюштуруу;
  • эл көп топтолгон жерликтерде ыкчам тиешелүү чараларды көрүү;
  • өрт жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча пиротехникалык каражаттарды эки тараптын элдеринин арасында колдонбоо;
  • кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо жана майрам күндөрү коомдук, коопсуздукту сактоо.

Ошондой эле тараптар 2024-жылда эки тараптуу мамилелерди чыңдоо боюнча кенен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Учурда Баткен районунун аймагында коомдук саясий абал тынч.

Пикир

Оставить комментарий