• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек: Жаңы жылдык майрамдан кийин аянттан 4 тонна таштанды чыгарылды

Коом 0


Бишкек, 01.01.24. /Кабар/. Жаңы жылдык майрамдан кийин "Ала-Тоо" аянтынан 4 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тазалык жана тартипти "Тазалык" муниципалдык ишканасынын 6 атайын техникасы менен 60 кызматкери камсыздашкан.

Белгилей кетсек, өткөн жылдагы жаңы жыл майрамына салыштырмалуу бул жолу аянтта киши көп болду. Тактап айтканда, кишинин саны 15 миңдин айланасында чогулган жана 1 тоннага аз таштанды чыккан.

""Ала-Тоо" аянтынан аз таштанды чыгарылып жатканы Кыргызстандын борборунда массалык иш-чараларды өткөрүү маданиятынын жогорулаганынан кабар берет. Бишкектин тургундары коомдук жайларда өз шаарына кылдат мамиле жасап, тазалыкты көрсөтө башташты", - деп кошумчалашты мэриядан.

"Тазалык" ишканасы тазалыкты сактоого салымын кошкон, маданияттуулуктун үлгүсүн көрсөткөн шаар тургундарына жана конокторуна ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий