• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бишкек мэриясы жылытуу мезгилине даярдык көрүүдө

Коом 0

Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы Орто-Сай отказанын жылытуу мезгилине даярдап жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, адистер жылытуу насосторун, электр кыймылдаткычтарын, клапандарды жана казан приборлорун оңдоодо. Отказан "Совмин (Министрлер кеңеши)" кичирайонундагы 890 адамды жана "Арген" балдар бакчасын жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылат.

"Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы 605 турак үйдү жылуулук менен камсыз кылат. Ишкананын кызматын алган абоненттердин жалпы саны 33 миң 189 адамды түзөт. Анын ичинде 12 саламаттык сактоо мекемеси, 40 орто мектеп, 14 бала бакча, 8 жогорку окуу жайы, 25 башка бюджеттик мекемелер жана башка 212 керектөөчүлөр бар. Ишкана шаардын батыш тарабын: Жал кичи районун, Газ шаарчасы, Аскер шаарчасы жана Министрлер кеңешинин турак жай массивин тейлейт.

Муниципалитеттен белгилешкендей, жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо боюнча 21-28-47 номери аркылуу "Бишкежылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын абоненттер бөлүмүнө кайрылууга болот.

Пикир

Оставить комментарий