• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргыз-тажик чек арасында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 21.10.24. /Кабар/. 20-октябрда саат 23:44тө кыргыз-тажик чек арасында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Алай кырка тоолорунда, тагыраак айтканда Нура айылынан түштүк-батышка карай 29 чакырым, Эркечтам айылынан түштүк-батышка карай 35 чакырым, Көк-Суу айылынан түштүк-чыгышка карай 34 чакырым, Бор-Дөбө айылынан чыгышка карай 35 чакырым аралыкта жайгашкан.

Кыргызстандын калктуу пунктары - Нура, Икизяк, Эркечтам айылдарында жер титирөөнүн күчү 3,5 баллга чейин, Кара-Киндик, Бор-Дөбө айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Пикир

Оставить комментарий