• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Орто-Сай базарындагы өрт өчүрүлдү. Жабыркагандар менен каза болгондор жок

Кырсык 0


Бишкек, 09.11.20. /Кабар/. Бүгүн түнүндө Орто-Сай базарында чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык өрт тууралуу маалымат бүгүн, 9-ноябрь түнү саат 00:18де түшкөн.

Окуя жерине өрт өчүрүүчүлөр чыгып, саат 02:16да өрт чектөөгө алынган. Эртең менен саат 08:55те өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Алдын ала маалымат боюнча, 1,8 миң чарчы метр жер күйгөн.

Кырсыктан жабыркагандар менен каза болгондор жок.

Учурда өрттүн чыгып келүү себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий