Кыргыз-тажик чек арасындагы күчтөрдүн чыгарылып кетишин көзөмөлдөө боюнча биргелешкен жумушчу топтун иши улантылууда

Аймак 0

Бишкек, 02.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тараптардын күчтөрдү жана каражаттарды туруктуу жайгаштыруу жерлерине чыгарылып кетишин көзөмөлдөө боюнча биргелешкен жумушчу топтун иши улантылып жатканын маалымдайт.

Жабыркаган аймактарга гуманитардык жардам жеткирүү иштери уюштурулуп, ишке ашырылып жатат.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгында Коргоо министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын, Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрүнөн турган ыкчам штаб кырдаалды көзөмөлдөө боюнча ишин улантууда.

Чек ара бөлүктөрү жана укук коргоо органдарынын күчтөрү күчөтүлгөн режимде иш алпарууда.

Кырдаал президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө.

email sharing button

Пикир

Оставить комментарий