• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуя: Разаков жабыр тарткандарды көрүп келди

Өкмөт 0

Бишкек, 23.07.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткен облусуна барып, кечээ, 22-июль күнү кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде болуп өткөн окуяга байланыштуу учурдагы кырдаал менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жеңиш Разаков Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен чукул жыйын өткөрдү.

Мындан тышкары окуяда жаракат алып, Баткен ооруканасында жаткан жарандардан кабар алды. Учурда алардын абалы туруктуу.

Ошондой эле вице-премьер-министр Баткен шаарындагы кесиптик лицейдин жана медресенин имаратында убактылуу жайгаштырылган Аксай айылынын 315 тургуну менен жолугушуп, аларга түзүлгөн шарттар менен таанышты. Айылдын жашоочуларына тиешелүү гуманитардык жардам жана колдоо көрсөтүлүп жатат.

Жеңиш Разаков тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына Баткен облусунун аймагында жана чектеш аймактарда коопсуздукту, укуктук тартипти камсыздоо иштерин күчтөндүрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары Аксай айылынын эвакуацияланган жашоочуларын, ошондой эле жапа чеккендерди зарыл дары-дармек, азык-түлүк, керектөө буюмдары, кийим-кече менен камсыздоо милденттендирилди.

Эске салсак, 22-июлда саат 17:20да Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан. Чырдын чыгышына Ворух (ТР) айылынын жашоочуларынын айылдын кире беришине желек орнотуусу себеп болгон. Аксай айылынын жашоочулары флагштокко каршы чыгышып, натыйжада эки айылдын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан, анын кесепетинен тараптардын бири курал колдонгон.

Пикир

Оставить комментарий