Кыргызстандык спортчулар ат спорту боюнча Евразия биринчилигинен байгелүү кайтышты

Спорт 0

Бишкек, 23.07.19. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Россияда өткөн ат спорту боюнча Евразия биринчилигинен байгелүү кайтышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Биринчилик Москва калаасында 17-21-июль күндөрү болуп өттү. Анда ат спортунун конкур түрү (тоскоолдуктардан секирүү), ат чабыш жана "dressage" (ат менен бийлөө) түрү боюнча жарышкан.

"Dressage" түрү боюнча Элина Сергеева, Екатерина Каркавцева жана Майрам Алымкулова командалык көргөзмөдө 3-орунга илинди.

Ал эми, конкур түрүнөн Садыр Мамытов, Ринат Галимов, Камил Сабитов жана Виталий Калиниченко күмүш байгелүү болушту.

Чынгыз Иманалиев ат чабыш боюнча 120 км аралыкка жарышта биринчи болгон.

Мындан тышкары, аталган биринчиликтин алкагында ар кандай мелдештер өткөрүлдү. Азия федерациясынын президентинин кубогунда конкур боюнча 130 см бийиктикке ат менен секирүүдө алтын медалды Садыр Мамытов утту. Күмүш медалды Ринат Галимов жеңип алды.

Эскерте кетсек, Камил Сабитов 145 см бийиктикке ат менен секирүүдө атаандаштарын артта калтырып, башкы байгени утуп алган.

Пикир

Оставить комментарий