• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

“Кыргыз темир жолу”: 2022-жылы дээрлик 269 миң жүргүнчү жана 8 млн тонна жүк ташылган

Коом 0

Бишкек, 06.04.23. /Кабар/. 2022-жылы “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасы тарабынан 8 млн 22 миң тонна жүк ташылган. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жүк ташуу 2021-жылга салыштырмалуу 361,5 миң тоннага көбөйгөн.

Ошондой эле 2022-жылы компания 268 миң 687 жүргүнчү ташыган. Анын 254 миң 415и өлкө ичиндеги жүргүнчүлөр болсо, 14 миң 272си эл аралык каттамдардын жүргүнчүлөрү.

Эл аралык жүргүнчү поезддери 2022-жылдын 6-июнунан тарта каттай баштаган.

Белгилей кетсек, 2022-жылы 17 миң 319 чакырым темир жол оңдолуп, 11 жүргүнчү вагон капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Ошондой эле 239 вагон деполук оңдоодон өткөрүлгөн, анын 12си жүргүнчү ташуучу, ал эми 227си жүк ташуучу вагондор.

Эскерте кетсек, 2021-2022-жылдары 100 жүк ташуучу жартылай вагон сатып алынган.

Пикир

Оставить комментарий