• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

“Кыргыз темир жолу” Бишкек – Балыкчы поездинин каттамы эмнеге кечигип жатканын түшүндүрдү

Коом 0

Бишкек, 26.07.21. /Кабар/. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы Бишкек – Балыкчы поездинин каттамы эмнеден кечигип жатканын түшүндүрдү.

Ишкананын басма сөз кызматы белгилегендей, 26-июлда саат 9:44тө Бишкек-Балыкчы жүргүнчү ташуучу поездинин кыймылдаткычынын иштен чыккандыгына байланыштуу Быстровка айылында токтоп калган.

“Бул тууралуу билдирүү келери менен оңдоо чаралары көрүлгөн. Ага 1 саат 48 мүнөт талап кылынган. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн жүргүнчүлөрүнөн кечирим сурайбыз”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий