"Кыргыз темир жолу" ишканасы 2 млн сомдук электр энергиясын үнөмдөдү

Коом 0

Бишкек, 05.03.24. /Кабар/. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы объекттериндеги лампаларды заманбап светодиоддук лампаларга алмаштыруу менен бир жылда 2 млн сомдук электр энергиясын үнөмдөөгө жетишти.

Ишкананын негизги иши күнү-түнү жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу болгондуктан жол кыймылынын жана ташылган жүктөрдүн коопсуздугун сапаттуу камсыздоо, адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирбөө жана электр энергиясын үнөмдөө максатында ысытуу лампаларын жаңы светодиоддук жарыктандырууга алмаштырган.

2021-жылдан 2023-жылга чейин темир жол аркылуу автомобиль транспорту өтүүчү күзөт өтмөктөрүнө жана жүргүнчүлөрдү отургузууга жана түшүрүүгө ыңгайлуу болушу үчүн станциялардын аймактарына 400дөн ашык светодиоддук лампалар орнотулган.

Натыйжада электр энергиясын үнөмдөө бир айда 165 миң 849 сомду, ал эми бир жылда 2 млн сомду түздү. Кечки жарыктандыруудагы светодиоддук лампаларга алмаштырганга чейин электр энергиясынын бир айлык чыгымы 93 495 кВт/саатты түзсө, алмаштыргандан кийин электр энергиясын чыгымы 35 708 кВт/саатты түздү, башкача айтканда, бир жылдын ичинде эсеп боюнча электр энергиясын үнөмдөө 693 444 кВт/с же 1 990 188 сомду түзөт.

Станциянын аймагынын бүткүл периметрин жарыктандыруу үчүн станциянын мойнуна орнотулган мачталардагы жарыктын сапаты төмөнкүдөй параметрлер боюнча жакшыртылды: жарык агымы үч эсе жогору, кызмат мөөнөтү 11 эсе, ал эми электр энергиясын үнөмдөө 8 эсе жогору. Перронду жарыктандырууда: жарыктын агымы 2 эсе жакшырды, иштөө мөөнөтү 17 эсе узарып, электр энергиясын үнөмдөө 5 эсеге көбөйдү.

Белгиленгендей, бул жакшыртуулар темир жол объекттериндеги коопсуздукту гана камсыз кылбастан, энергетикалык ресурстарды дагы натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө түзөт.

Пикир

Оставить комментарий