• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жигиттер калпагыбыз менен бийикпиз! Ош мэриясынын өзгөчө куттуктоосу (видео)

Аймак 0


Бишкек, 05.03.24. /Кабар/. Ош шаардык мэриясы кыргызстандыктарды Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен өзгөчө куттуктады.

Эки мүнөткө созулган видеоролик мэриянын социалдык тармактагы расмий баракчасына жарыяланды. Анда Ош мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев жалпы кыргызстандыктарды куттуктап, кыргыз жигиттери – калпак менен бийик экендигин баса белгилеген.

Майрамга карата уюштурулган флешмобго муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери жана шаардагы жогорку окуу жайдын студенттери катышкан.


Белгилей кетсек, Кыргызстанда 5-март — Ак калпак күнү катары белгиленип келет. Бул күндү белгилөө демилгесин убагында кинорежиссёр Рысбек Жабиров көтөрүп чыккан. Жогорку Кеңеш өзүнүн 2016-жылдын 29-июнундагы токтомуна өзгөртүү киргизип, 5-мартты — Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү катары жарыялаган.

Калпак – эркектердин салттуу баш кийимдеринин ичинен башкысы болуп саналат. Көптөгөн кылымдар бою кыргыз эли баш кийимди ыйык санап келет. Манас бабанын мезгилинен бери анын формасы өзгөргөн эмес жана көп кырдуу мааниге ээ болуп, Ала-Тоонун ак карлуу чокуларын, кыргыз элинин жан дүйнөсүнүн аруулугун жана кооздугун чагылдырып турат.

Пикир

Оставить комментарий