Бишкек, 12.04.20. /Кабар/. Василий Дашков "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Василий Дашков буга чейин инвестицияларды тартуу жана курулуш маселелери боюнча "Кыргыз темир жолу" ишканасында башкы директордун орун басары кызматын аркалап келген.
Пикир
Оставить комментарий