• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Коронавирус жуктурган жарандардын жеке маалыматтарын жарыя кыла албайбыз – Орозалиев

COVID - 19 0

Бишкек, 12.04.20. /Кабар/. Коронавирус жуктурган жарандардын жеке маалыматтарын жарыя кыла албайбыз. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Ал белгилегендей, учурда эл арасында коронавирусту жуктуруп алган жарандар менен байланышта болбош үчүн алар тууралуу маалыматтарды ачыктоо сунушу айтылып жатат. Бирок анын айтымында, жеке маалыматтарды жарыя кылууга мыйзам жол бербейт.

"Ал жарандарыбыздын жеке маалыматтары. Мыйзам боюнча биз аларды жарыя кыла албайбыз. Бирок ошол эле учурда Мамлекеттик технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети аларга көзөмөлдөө жүргүзүүдө. Бул маселе медицина кызматкерлеринин жана башка тиешелүү органдардын көзөмөлүндө турат", - деди ал.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий