"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы атайын техникаларын жаңылоодо

Коом 0

Бишкек, 25.06.24. /Кабар/. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын Жол чарбасы боюнча филиалына жаңы заманбап атайын техникалар сатып алынды. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде МПТ-6 мотовозу, Беларусь 82.1 трактору жана JAC N35 унаасы бар.

Атайын техникалар "Кыргыз темир жолу" МИнин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн инфраструктурасын модернизациялоо жана жаңылоонун алкагында алынды.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн инфраструктурасын жаңылоо боюнча иш-чаралар улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий