• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кыргыз темир жолуна 100 жыл. Бишкекте салтанаттуу иш-чара болуп өттү

Президент 0

Бишкек, 01.08.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-августта, Кыргыз темир жолунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Иш-чара Кыргыз темир жолунун тарыхына жана түптөлүшүнө арналган тасманы көрсөтүү менен башталды.

Президент Садыр Жапаров сүйлөп жатып, “Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерин, ошондой эле улуттук маанидеги темир жолдун түптөлүшүнө зор салым кошкон ардагерлерди маараке менен куттуктады. Ал темир жолу экономикалык кризистерге, саясий өзгөрүүлөргө жана технологиялык кыйынчылыктарга карабастан иштеп да, өнүгүп да келе жатканын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө темир жолдорду модернизациялоого, тейлөө сапатын жакшыртууга, инновациялык технологияларды киргизүүгө бардык күч-аракеттер жумшалышы керектигин айтты.

Президент “Кыргыз темир жолунда” атайын техника паркы жаңыланганын, станцияларга видеокөзөмөл камералары орнотулганын, локомотивдерди оңдоонун жаңы ыкмалары өздөштүрүлүп, магистралдык жолдорду оңдоо, трассаны узартуу иштери аткарылганын да белгилеп өттү.

Садыр Жапаров ошондой эле заманбап технологиялар менен программалык-аппараттык системаларды колдонуу аркылуу жүк ташууларды башкаруунун автоматташтырылган системасына өтүү боюнча дагы масштабдуу иштер жүргүзүлүп жатканына токтолду.

Президент “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол стратегиялык долбоорун ишке ашырууну, анын аркасында өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө негизги ролду ойногон бирдиктүү темир жол тармагы түзүлөрүн белгиледи.

Андан соң мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болду.

Темир жол транспорту жаатындагы сиңирген эмгеги жана кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз темир жолунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына байланыштуу:

“Даңк” ордени менен Сакиев Азамат Абдукаримович – Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын башкы директору;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен Спасский Роман Михайлович – Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары – башкы инженери сыйланды.

Министрлер кабинетинин Ардак грамотасы менен:

Аширканова Батина - “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын ардагери;

Жуманазаров Омор Кадыркулович - “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын поезддердин коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы ревизору;

Доскожаев Руслан Сейтказыевич - “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын “Кытай –Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашыруу тобунун эксперти;

Касымалы уулу Арсланбек - президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн эксперти;

Кулов Улан Темирбекович - Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын “Кытай –Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашыруу тобунун жетекчиси;

Тамаев Нурланбек Барпыбекович - Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын Бишкек-2 вокзалынын башчылары сыйланды.

Иш-чара Кыргыз темир жолунун түптөлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган концерттик программа менен уланды.

Пикир

Оставить комментарий