Бишкекте Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйыны башталды

Президент 0

Бишкек, 19.12.18. /Кабар/. Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйыны башталды

Бул Жээнбековдун президенттик кызматтагы алгачкы маалымат жыйыны. Жыйынга бардыгы болуп 84 ММКдан 179 журналист каттоодон өткөн, алардын ичинде жергиликтүү жана эл аралык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да бар.

Президент журналисттер менен 2,5 сааттай баарлашат, эгерде муктаждык болсо убакыт узартылат деп пландалууда.

Эске сала кетсек, Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 24-ноябрында расмий түрдө президенттик кызматка киришкен.

Пикир

Оставить комментарий