• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Садыр Жапаров Ысык-Көлдө Асман экошаарынын курулушуна капсула салды

Президент 0

Бишкек, 30.06.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө Асман экологиялык таза шаарынын курулушуна капсула салды. Салтанаттуу иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Шаардын долбоорун даярдоого 1,5-2 жылдай убакыт кеткен. Ал шаарда 500 миңден 700 миңге чейин адам жашай тургандыгы пландалууда. Аянты 4 миң гектарды түзөт.

Тыштан келген инверсторлор сала турган Асман экошаарында алдыңкы санариптик телекоммуникациялык технологиялар колдонулат. Заманбап Асман экологиялык таза шаарын 7-10 жылда куруп бүткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий