• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Кыргыз тилин жеңил үйрөтүүчү "Easy Kyrgyz" мобилдик колдонмосу иштелип чыкты

Коом 0

Бишкек, 22.09.24. /Кабар/. Кыргыз тилин жеңил үйрөтүүчү "Кыргызча оңой"/"Easy Kyrgyz" мобилдик колдонмосу иштелип чыкты. Бул Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, жаңы тиркеме кыргыз тилин жеңил үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Мобилдик тиркеменин бет ачарына арналган иш-чарага президенттин администрациясынын, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын жана диаспора өкүлдөрүнүн мүчөлөрү, ошондой эле студенттер катышты.

Анда Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев сөз сүйлөп, заман талабына жараша, үйрөнүүгө жеңил болгон программа тууралуу маалымат берди.

"Кыргызча оңой"/"Easy Kyrgyz" мобилдик колдонмосунун долбоорунун жетекчиси Данияр Карабаев келген конокторго колдонмону көчүрүп алуу жана колдонуу жолдорун түшүндүрүп, интерактивдүү оюндарды өткөрдү.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды.

Кошумчалай кетсек, кыргызстандыктар колдонмону төмөндөгү шилтемелер аркылуу көчүрүп, кыргыз тилин орус же англис тилдери аркылуу жеңил үйрөнсө болот.

Андроид телефондор үчүн: https://play.google.com/store/apps/details?id=kg.easy

АйОс (айфон) телефондор үчүн: https://apps.apple.com/kg/app/easy-kyrgyz/id6648783361

Пикир

Оставить комментарий