• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргыз тилинде сатылган китептердин сапатын текшерген көркөм кеңеш түзүлөт

Коом 0

Бишкек, 26.04.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргыз тилинде басылып, сатыкка чыккан китептердин сапатын текшерген редакциялык кеңеш түзүлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Мамлекеттик китеп палатасынын директору Койчуман Момункулов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө китепти басып чыгарууга цензура жок.

“Бул Конституцияга дагы жазылып калган. Мындан улам китепке көзөмөл начарлап кеткен. Анын басып чыгарылышында анализ, редакция мурункудай эмес. Азыр чет өлкөдө белгилүү болгон китептин баары эле кыргыз тилине которулуп, басылып чыгууда. Чындыгында, котормосу начар, котормочулар өзү жазуучу болуп, жылдын-жылга тажрыйба топтоо менен такшалыш керек. Былтыр окуу жайды бүтүрсө, быйыл котормо менен иш алып барууда. Эми ал котормо сапатсыз, сүйлөмдүн түзүлүшү, сөздүн мааниси жетиштүү деңгээлде эмес. Ал китептер бара-бара түзөлөт деп ойлойм”, - дейт ал.

Момункулов учурда китептердин сапатын текшерген атайын редакциялык көркөм кеңеш түзүлүп жатканын белгиледи.

“Анын жобосун иштеп чыктык. Буйруса, Маданият министрлиги жобону бекитип берсе, сапаты төмөн китептер коомдук китепканалардагы текчелерден жоголот”, - деди Мамлекеттик китеп палатасынын директору.

Пикир

Оставить комментарий