• 87
  • 90.41
  • 0.84

Талас облусундагы «Манас Ордо» комплексине жаңы жетекчи дайындалды

Маданият 0

Бишкек, 05.02.22. /Кабар/. Талас облусундагы Кыргыз Улуттук «Манас Ордо» комплексинин директору болуп Марат Дооронбеков дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Дооронбеков Марат Дооронбекович 1971- жылы туулган.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин тарых адистигин аяктаган.

Эмгек жолу:

1995-2003- ж.ж.- Күмүштак орто мектебине тарых сабагына мугалим болуп эмгек жолун баштаган.

2003-2007- ж.ж. – Д. Дүйшөбаев атындыгы орто мектептин директору;

2007-2010- ж.ж. – Бакай-Ата райондук Баратбай Жунусов атындыгы орто мектептин директору;

2010-2021-ж.ж. – Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүн башчысы

2021-жылдан баштап ушул күнгө чейин Талас билим берүү усулдук борборунун директору болуп иштеп келген.

2008-2010-ж.ж. – Бакай-Ата райондук кеңешинин депутаты болгон.

Коомдук ишмердүүлүгү:

2001-жылдан «Боо-Терек Келечек» коомдук фондунун жетекчиси.

2001-2003-жылдары коомдук фонд тарабынан Боо-Терек айылына жаңы мектеп курулуп, ага 1 млн сомдон ашык чет элдик инвестиция тартылган. 2008-жылдан 2010-жылдар аралыгында Боо-Терек айылында спорт залы курулуп, ага 2,5 млн сом инвестиция тартылган.

Пикир

Оставить комментарий