• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Астана шаарында Кыргызстандын кино күндөрү өтөт

Маданият 0

Бишкек, 26.10.22. /Кабар/. Казакстандын Астана шаарында Кыргызстандын маданият күндөрүнүн алкагында 26-29-октябрь күндөрү Кыргызстандын кино күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-октябрда кыргыз кино күндөрүнүн расмий ачылышы болуп, Кыргыз эл артисти, кинорежиссёр Артык Сүйүндүковдун "Шамбала" көркөм тасмасы көрсөтүлөт.

27-октябрда кинорежиссёр Айбек Дайырбековдун “Дарак ыры" музыкалуу тасмасы, 28-октябрда режиссёр Эмил Атагелдиевдин "Көл", ал эми 29-октябрда кинорежиссёр Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулунун "Акыркы көч" тасмалары көрсөтүлөт.

Кино күндөрү Астана шаарындагы "Керуен" оюн-зоок-соода комплексинини кино залында өтөт.

Аталган тасмалар ийгиликтүү тартылып, акыркы жылдары эл аралык ири фестивалдарда байгелерге ээ болуп келүүдө.

Белгилей кетсек, ушул жылы 26-29-октябрь аралыгында Казакстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт.

Пикир

Оставить комментарий