Бишкек, 12.09.22. /Кабар/. Кыргыз улуттук университетинде 9-сентябрда Жибек-Жолу институтунун ачылыш аземи болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине аталган институттун директору Рашид Юсупов билдирди.
Институттун ачылышына президенттин кеңешчиси Медет Букуев, улуттук университеттин окуу иштери боюнча проректору Бекжан Темиров, Бишкек шаарынан келген окутуучулар, кыргыз-кытай факультети менен кесиптик колледждин кытай бөлүмүнүн студенттери катышты.
Жыйында Жибек-Жолу институтунун кытай тараптан директору Субай Анарбек окуу жайдын түзүлүш тарыхы, максаттары, абитуриенттердин кабыл алынышы, окуу-тарбия иштеринин өзгөчөлүктөрү, бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусу боюнча маалымат берди.
Пикир
Оставить комментарий