• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргыз-өзбек чек арасында жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 01.03.24. /Кабар/. Бүгүн саат 06:22де кыргыз-өзбек чек арасында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын очогу Керкиден айылынан түндүккө карай 5 км, Найман айылынан түштүк-батышка карай 8 км, Кызыл-Кыя шаарынан түндүккө карай 20 км, Ош шаарынан түштүк-батышка карай 60 км аралыкта жайгашкан.

Кыргызстандын калкттуу пункттары - Керкиден жана Найман айылдарында жер титирөөнүн күчү 3 баллга чейин сезилген.

Пикир

Оставить комментарий