• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кең-Сай" жана “Уч-Курган" бекеттеринин иши жанданды

Өкмөт 0

Бишкек, 12.09.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында кайрадан жаңыдан курулган “Кең-Сай – унаажол” жана “Уч-Курган – унаажол” көзөмөлдөө-өткөрүү пунктарынын ачылыш аземине катышты.

Анда сөз сүйлөгөн минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев бул пунктар туристтердин агымын жогорулатууга, эки өлкөнүн тең транспорттук-логистикасын жана элдин күнүмдүк жашоосуна ыңгайлуу шарт түзөрүнө ишенерин билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон жогорку даражалуу сапарларынын алкагында Жалал-Абал облусу менен Наманган облусунун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча бекитилген “Жол картасына” ылайык жогорудагы көзөмөлдөө-өткөрүү пунктарын кайрадан жандандыруу маселеси каралган болчу.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, кыргыз-өзбек чек арасы аркылуу 2023-жылы 14 млн ашуун адам өтсө, 2024-жылдын сегиз айында анын саны 11 млн адамга жеткен, бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 1,5 млн адамга көп. Ал эми өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2023-жылы 693,6 млн долларды түзсө, 2024-жылдын 7 айында 428 млн долларга жетип, ал 2023-жылдын ушул мезгилине карата өсүү темпи 6,7%ды түздү.

Пикир

Оставить комментарий