• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Кыргыз-Өзбек эл аралык университети 30 жылдык мааракесин белгилөөдө

Аймак 0

Бишкек, 25.10.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Ош шаарындагы Батыраалы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин 30 жылдыгына арналган форумга катышууда. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, форумда министр Кыргыз-Өзбек эл аралык окуу жайынын артыкчылыктарын, социалдык талаптарга ылайык жогорку окуу жайдын ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрүн белгиледи.

Ошондой эле министр окуу жайдын бир нече окутуучусуна Билим берүү жана илим министрлигинин сыйлыктарын тапшырды.

Форумга Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү, республиканын ЖОЖдорунун жетекчилери, ал эми чет өлкөлүк өнөктөштөр онлайн форматтарда катышып, иш-чаранын коноктору окуу жайдын тарыхы тууралуу тасманы, факультеттердин ишмердүүлүгү тууралуу көргөзмөнү көрө алышты.

Белгилей кетсек, КР өкмөтүнүн 1994-жылдын 19-июлундагы № 505 токтомунун негизинде Кыргыз-Өзбек жогорку технологиялык колледжи түзүлүп, ал 1997-жылы Кыргыз-Өзбек университетине айланган.

Университетте 5 факультет, 3 колледж жана кесиптик лицей иштейт. Окуу жайда 12 миңге жакын студент окуйт.

Пикир

Оставить комментарий