• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

“Кыргызаэронавигация” МАКтын “Ардак белгиси” менен сыйланды

Коом 0

Бишкек, 1-август /Кабар/. Мамлекеттик “Кыргызаэронавигация” Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин “Ардак белгиси” менен сыйланды.

Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстан бул сыйлыкты, Эл аралык жарандык авиациянын өнүгүшүнө кошкон салымы жана аба мейкиндигиндеги кыймылдарды тейлөөдө, уюштурууда жетишилген ийгиликтери үчүн сыйланды.

Маалымдалгандай, “Ардак белгини” «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик мекемесинин директору Улукбек Рахмановго МАКтын төрайымы Татьяной Анодина тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий