• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Өзбек ТВларында алгачкы ирет Ислам Каримовдун дарегине сын айтылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 1-август /Кабар/. 30-июлда Өзбек телеканлдарынын бириндеги "Таҳлилнома" программасында мурдагы президент Ислам Каримовдун саясаты сынга алынды. Чыгарылышта Каримов “лидер статусу үчүн, өзүнүн артыкчылыктарын далилдеп, коңшу мамлекеттер менен ар дайым жарышып келген”,-деп айтылган. Ошондой эле, бул маселелерди чиелетүүгө алып келгенин, учурда азыркы президент Шавкат Мирзиеёв аларды чечип жатканы айтылган.

Каримовдун саясаты боюнча "Таҳлилнома" телекөрсөтүүсүнүн биринчи бөлүмүндө “Өзбекстан 24” маалымат-аналитикалык телеканалында айтылган. Аталган канал өз ишин президент Шавкат Мирзиеёвдин туулган күнүндө баштаган. Чыгарылышта Ислам Кармиовдун аты бир дагы жолу айтылбаганын бирок, анын саясатына өтө көп сындар айтылганын “Свобода” радиосунун редакциясы жазды.

Эскерте кетсек, Каримовдун тирүү кезинде жана ал көз жумгандан кийинки бир жыл аралыгында Өзбекстанда биринчи президенттин саясаты сындалган эмес. Расмий телеканалдар ушул күнгө чейин Ислам Каримовду мактап, жактап келет.

Пикир

Оставить комментарий