• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

“Кыргызаэронавигациянын” башчысынын орун басары каза болгон чырга байланыштуу 2 адам кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 22.10.18. /Кабар/. "Кыргызаэронавигация" Мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаев каза болгон чырга байланыштуу шектүү катары эки адам кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Кармалгандар Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына жеткирилген. Аталган факты боюнча Кылмыш кодексинин 104-беренеси (Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) менен иш козголду.

Эскерте кетсек, "Кыргызаэронавигациянын" директорунун орун басары М.Жакыпбаев жол кырсык болгон жердеги келип чыккан чырдан улам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий