• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Ак үйдүн маңдайында жол кырсыгы катталды (сүрөт-видео)

Кырсык 0


Бишкек, 28.03.18. /Тумара Туратбекова - Кабар/. Бишкектеги Чүй жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде Ак үйдүн маңдайында эки унаанын катышуусундагы жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине күбөлөр кабарлашты.

“Мерседец Бенц” жана “Хонда” үлгүсүндөгү унаалардын кагылышуусунун кесепетинен башкы көчөдө унаа тыгыны пайда болду. Жабыркагандар жок.

Учурда окуя болгон жерде ЖКККББнын кызматкерлери иштеп жатышат.

Кырсыктын себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий