• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

ТИМ Москвада өрттөн жабыркаган кыргызстандыктардын туугандарын издөөдө

Кырсык 0

Бишкек, 11-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Москвадагы “Рио” соода борборундагы өрттөн эки кыргызстандык жабыркады. Бул тууралуу КР ТИМ билдирет.

Кечээ, Москанын түндүк-чыгышында өрт чыгып, анын кесепетинен 18 адам жабыркаган. Алардын ичинде Кыргызстандык Рахатай Абдуллаева жана Таалайкан Норбекова бар.

“Биз кыздардын туугандарын издеп жатабыз. Эгерде туугандары билдирүү көрүшсө, КР ТИМге кайрылышсын”, -деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, өрт 10-июлда болгон. Кездемелер күйүп кеткен. Жалынды беш саат өчүрүшүп, күйгөн аянт миң чарчы метрди түздү. Бирок, баары чыгып үлгүрүшкөн эмес: айрымдар лифтте камалып, бир нече жумушчу муздаткыч бөлүгүндө жашынып калышкан. Өрт өчүргүчтөр аларды бөлмөдө аба дээрлик калбай калганда табышкан. жалпысынан имараттан 3 миңден ашык адам чыгарылган.

Такталган маалыматтар боюнча, 15 адам ооруканага жаткырылып, бир бала үйүнө чыгарылган. Ооруканада 14 адам калган.

Пикир

Оставить комментарий