“Кыргызалтын” ААК филиалы Автотранспорттук ишканасы техникалык базасын жаңылантты

Коом 0

Бишкек, 15.09.23. /Кабар/. “Кыргызалтын” ААК филиалы Автотранспорттук ишканасы (АТИ) техникалык базасын жаңылантып жана жалпы суммасы 100 миллион сомго 10 даана ири техниканы сатып алды.

Ишкана “Howo” үлгүсүндөгү 5 даана самосвал жана 5 жарым прицеби менен жүк ташуучу машиналарды сатып алды. Муну менен катар дагы сатып алууга 5 жаңы “Howo” үлгүсүндөгү самосвал жүк ташуучу жана 1 фронталдык жүктөөчү машина алып келинет.

Бул техникалар лизинг катары сатылып алынып жана калган бөлүгү өз каражаттарынын эсебинен алынган. Жаңы келген жабдуулар өндүрүш муктаждыктары үчүн, ошондой эле “Кыргызалтын” ААКнын ведомстволук ишканаларына жүк ташуу жана экспедициялоо максатында колдонууга зарыл. Азыркы убакта Автотранспорттук ишкана 54 даана оор жүк ташуучу автомашинасы бар.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 1-чи жарым жылдын жыйынтыгы боюнча “Кыргызалтын” ААКнын филиалы Автотранспорттук ишканасы (АТИ) активдүү иш жүргүзгөндүгү үчүн жана конструктивдүү башкаруу менен кирешеге чыкты. Ошону менен бирге, жумушчулардын айлык акылары көтөрүлүп жана бардык зарыл болгон эмгек шарттары түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий