• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

“Кыргызавтожол” ишканасы 2022-жылы аткарган жумуштары тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 18.10.22. /Кабар/. “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын директору Кадырбек Нурманбетов аталган ишкананын 2022-жылда аткарган жумуштары тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, “Мамлекеттик капиталдык салымдар” беренеси боюнча 132,6 чакырымга асфальтбетон төшөлдү.

Анын ичинде аймактар боюнча:
Чүй – 3,8 чакырым
Ош – 26,07 чакырым
Жалал-Абад – 38,5 чакырым / 38,5 чакырым
Ысык-Көл – 5115 чакырым
Нарын – 1,65 чакырым
Талас – 0,5 чакырым
Баткен – 58 чакырым.

Белгилей кетсек, 2022–жылдын титулдук тизме планына ылайык, төмөндөгүлөр аткарылды:

Асфальтбетон төшөө иштери – 166,8 чакырым, анын ичинде аймактар боюнча:
Чүй – 31,03 чакырым,
Ысык-Көл – 25,606 чакырым,
Нарын – 19,3 чакырым,
Талас – 26,3 чакырым
Жалал-Абад – 24,1 чакырым,
Ош – 34,7 чакырым,
Баткен – 5,8 чакырым.

Пикир

Оставить комментарий