• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызды дүйнөгө тааныта алган, идеяга бай, көп кырдуу талант. Мар Байжиевге жазылган некролог

Коом 0

Бишкек, 30.10.21. /Кабар/. Кыргыз маданияты орду толгус оор жоготууга учурады.

2021-жылдын 29-октябрында 86 жаш курагында Кыргыз эл жазуучусу, III даражадагы «Манас» жана «Данакер» ордендеринин ээси, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ишмери, Кыргызстан улуттук кино академиясынын мүчөсү, драматург Мар Байжиев дүйнөдөн кайтты.

М.Байжиев 1935-жылдын 23-мартында Жалал-Абад облусунда туулган. Ал коомчулукка драматург, прозаик, журналист, жазуучу, адабиятчы, котормочу, кино жана театр режиссёру катары белгилүү.

Драматург Мар Байжиев Москва, Ленинград шаарларынын, Германия, Польша, Чехословакия, Румыния, Австрия, Венгрия, Финляндия, Швеция, Канада, Монголия мамлекеттеринин театр сахналарында ийгиликтүү коюлган жана Россия, Латвия, Литва, Эстония, Грузия, Азербайжан, Украина, Молдавия, Өзбекстан, Казакстан театрларынын репертуарларына кирген бир катар белгилүү пьесаларды жараткан. Алар «Балдар бойго жеткенде», «Эрөөл», «Эр намысы», «Ар бир үйдө майрам», «Кыз-күйөө», «Алтынчы күнү кечинде», «Узак сапардагы поезд», «Он экинчи күн», «Төрт адам» пьесалары. Алардын ичинен көптөгөн чет тилдерге которулуп, СССР мамлекеттеринде коюлган «Эрөөл» пьесасы өзгөчө ийгиликке ээ болгон. Анын сюжетинин негизинде эки опера коюлуп, «Өзбекфильм» студиясында «Нөшөр» тасмасы тартылган (1979-ж.). «Кожожаш» эпосунун мотиви боюнча «Байыркы жомок» драмасы жазылып, анын сценарийинин негизинде улуттук «Кыргызфильм» киностудиясында «Ак илбирстин тукуму» фильми тартылган.

Мындан сырткары Байжиевдин чыгармалары «Өзбекфильм» студиясында «Бөтөн бакыт», «Нөшөр», «Казактелефильм» студиясында «Жаңы жыл алдындагы түн» аттуу толук метраждуу көркөм фильмдер тартылып, көрүүчүлөрдүн арзуусуна татыган.

Мар Байжиев кыргыз киносунун башатында туруп, анын сценарийлери менен тартылган фильмдер дүйнөлүк жана Орто Азия кинофестивалдарынын жогорку дипломдоруна ээ болгон. Алар «Ак илбирстин тукуму» («Кыргызфильм»), «Чочун бакыт» («Өзбекфильм»), «Нөшөр» («Өзбекфильм»), «Нокдаун» («Кыргызфильм»), «Жиндилер поезди» («Кыргызфильм»), «Окуя» («Кыргызфильм»), «Алтын күз» («Кыргызфильм»), «Жаңы жыл түнү» («Казакфильм), «Эргулдар» (ЦТ «Москва»). «Окуя» жана «Жиндилер поезди» фильмдерин өзү режиссерлук кылып, экранга алып чыккан.

Мар Байжиев «Манас» эпосун изилдөөгө жана пропагандалоого зор салымын кошкон. Ал «Манас» эпосу жөнүндө биринчи даректүү тасманын автору, Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында «Манас» эпосуна жана кичи кыргыз эпосторуна арналган сүрөт галереяларын уюштурган, репрессияга учураган манас таануучулардын атындагы сыйлыктарды уюштурган, «Манас» эпосунун орус жана англис тилдериндеги үч томдук энциклопедиясын чыгарган. 2008-жылы Мар Байжиев Сагымбай Орозбаковдун жана Саякбай Каралаевдин жана башка манасчылардын варианттары боюнча «Манас» эпосун кыргыз тилинен орус тилине көркөм которууну ишке ашырган.

Мар Байжиев котормочу катары «Манас» эпосун кыргыз тилинен орус тилине, Д. Фурмандын чыгармаларын, А.Чеховдун, Ж.Коктонун пьесаларын кыргыз тилине которуп, ал эми режиссер катары өзүнүн котормосундагы В.Шекспирдин «Антоний жана Клеопатра» трагедиясын кыргыз театр сахнасында сахналаштырган.

Кыргыз элинин руханий дүйнөсүнүн негизи болгон элдик оозеки чыгармачылыкты изилдеп, сахналаштырып, чет элге жайылтууда, кыргыз элинин бай маданиятын түрдүү жанрда, ракурста даңазалоодогу эбегейсиз эмгеги үчүн Мар Ташимович Байжиев III даражадагы «Манас» жана «Данакер» ордендери менен сыйланган.

Мекенди сүйүүнүн, ардактоонун жана Мекенге кызмат кылуунун бийик үлгүсү болгон, интеллектуалдык деңгээлинин бийиктиги, масштабы менен кыргызды дүйнөгө татыктуу тааныта алган, идеяга бай, көп кырдуу талант Байжиев Мар Ташимовичтин элеси кыргызстандыктардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана замандаштарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана орду толгус жоготуунун оор кайгысын бирге бөлүшөбүз.

С. Н. Жапаров, А. У. Жапаров, С. С. Касмамбетов, Э. Ж. Байсалов, Г. С. Молдобекова, А. К. Жаманкулов, А. К. Эргешов, С. А. Аманова, Ч. Э. Эсенгулов, М. А. Бектеналиев, С. А. Раев, М. Шеримкулов, Т. Т. Казаков, К. О. Иманалиев, М. А. Бегалиев, А. Абдыкалыков, Н. О. Калыбеков, О. Султанов, К. Жусупов, Т. Мамеев, М. Абакиров, К. Жусубалиев, С. Станалиев, А.Омурканов, Ш. Дуйшеев, М. Ааматов, К. Бакиров, Садык Шер-Нияз, Г. Базаров, М. Мусаев, М. Абдиев, С. Ишенов, А. Сүйүндүков, Ж. Сооданбек, М. Сарулу, Актан Арым Кубат, Э. Абдыжапаров, С. Суслова, Т.Тургуналиев, Ж. Кулмамбетов, М. У. Алышбаев, К. Ы. Турапов, К. А. Осмонов, С. Жетимишев, К. Ашымбаев, А. Рыскулов, М. Мамазаирова, Т. Закирова, А. Жакшылыков, А. Д. Султанбаев, А. А. Акматалиев, Т. Чокиев, С. Токтакунова, Д. Жалгасынова, К. Сартбаева, У. Полотов, Г. Мамашева, Г.Момушева, А. А. Өзүбеков, Е. Ю. Кузнецов, А. К. Тиленбаев, А.Болгонбаев, А. Дайырбеков ж. б.

Пикир

Оставить комментарий