• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Талас милициясы шайлоого карата түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 30.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 28-ноябрында өтчү парламенттик шайлоого карата Талас милициясы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Талас облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери Талас шаарында жайгашкан партиялар менен, ошондой эле бир мандаттуу болуп катыша турган талапкерлердин түзүлгөн штабынын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

"Штаб жетекчилерине алып барып жаткан иш кагаздарына сак болууну жана өрт коопсуздуктарын так сакталышын, иш күнү бүткөн убакытта бөлмөлөрдү жылытуучу жылыткычтарды өчүрүп кетүүнү эскертишти", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, үгүт иштерин жүргүзүү учурунда мыйзамдын талаптарын бузбоого чакырышты жана мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотулбайт экенин эскертишип, илинип жаткан баннерлерди бекем жана өйдө коопсуз жерлерге илүүнү дагы эскертишти.

Ал эми милиция кызматкерлери саясий маселелерге аралашпайт жана бардык жарандарга жана партияларга бирдей мамиле кыларын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий