• 84.7
  • 92.91
  • 0.89

“Кыргызкөмүр” өлкөнүн түштүгүнө 8 көмүр кампасын ачат

Аймак 0

Бишкек, 07.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын түштүк аймактарында кара отунду сата турган 8 кошумча база ачуу пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Кыргызкөмүр” ишканасынан билдиришти.

Ишкананын маалыматы боюнча, көмүр кампалары Ош жана Баткен облустарында ачылмай болду.

Тактап айтканда, кампалар Ош облусунун Кара-Кулжа, Араван, Алай, Ноокат жана Өзгөн райондорунда, ал эми Баткен облусунун Раззаков жана Кызыл-Кыя шаарларында, ошондой эле Баткен районунда иштеп баштайт.

Пикир

Оставить комментарий