• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

КР футбол боюнча курамасы дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын III раундуна чыкты

Спорт 0

Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 11-июнда Азия зонасында 2026 дүйнө чемпионаты жана 2027 Азия кубогунун айкалышкан экинчи тандап алуу раундунун алкагында 6-жыйынтыктоочу турдун оюндары өтүп, Кыргызстандын улуттук курамасы Оманга каршы оюнда кез келди.

Эске салсак, Кыргызстандын курамасы Оман, Малайзия жана Кытайлык Тайбэй курамалары менен кошо "D" тайпасында жайгашкан. Квалификациянын экинчи раундунун жыйынтыгында ар бир тайпадан эң мыкты эки курама 2027-жылкы Азия кубогуна жолдомо алып, 2026-жылкы дүйнө чемпионатына болгон жолдомого күрөшүн улантмак.

Бүгүнкү оюн курамалардын 1:1 эсебинде тең чыгуусу менен аяктап, анын жыйынтыгында, Кыргызстандын улуттук курамасы 2027-Азия кубогуна жолдомо жана тарыхта биринчи жолу дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү раундуна чыкты.

Жыйынтыктоочу турнирдик жадыбалда Кыргызстандын курамасы 11 упай менен экинчи орунду ээледи. Оман 13 упай менен биринчи орунда, Малайзия 10 упай менен үчүнчү орунда, Кытайлык Тайбэй 0 упай менен акыркы орунда.

Пикир

Оставить комментарий