• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кыргызстан 2 Airbus учагын сатып алат

Коом 0

Бишкек, 27.11.24. /Кабар/. Кыргызстан 2 Airbus учагын сатып алат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Берлинде “Airbus Europe” компаниясынын жетекчиси Йохан Пелиссье менен жолугушканда билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, учактар Европага, анын ичинде Бишкек-Париж, Бишкек-Берлин жана Бишкек-Лондон багыттары боюнча каттамдарды аткаруу үчүн колдонулат.

Баарлашуунун жүрүшүндө президент Кыргызстандын “Airbus” менен өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө даярдыгына токтолду.

Садыр Жапаров келерки жылы Кыргызстандын авиакомпаниялары Евробиримдиктин кара тизмесинен (EU Air Safety List - Евробиримдиктин аба коопсуздугу боюнча тизмеси) чыгарылышы күтүлүп жатканын айтты. Бул тизмеден чыгуу Европага түз каттамдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Эксплуатация ийгиликтүү аяктаса экинчи фазада “Airbus” менен биргеликте авиапаркты андан ары кеңейтүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий