• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Кыргызстан менен Словакиянын ортосундагы салыктык макулдашуу ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 19.11.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Словакия Республикасынын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартууну жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мыйзам 2024-жылдын 23-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты 2024-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Словакиянын ортосундагы Кирешеге болгон салыкка кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуунун (мындан ары – макулдашуу) күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду ишке ашыруу болуп саналат.

Макулдашуу республиканын экономикасына чет өлкөлүк инвестицияларды түз тартуунун каражаты катары каралат жана кош салык салууну болтурбоо жана бир гана өлкөдө салык салуу боюнча кепилдиктерди берүү жолу менен чет өлкөлүк компанияларга биздин өлкөнүн экономикасынын ар кандай тармактарына инвестициялоо үчүн шарттарды түзөт.

Мындан тышкары бул Макулдашуунун негизги милдеттери болуп бир мамлекеттин резидентин экинчи макулдашуучу мамлекетте басмырлоочу салык салуудан коргоо, салык салуулардан качууга же Макулдашуунун жоболорун кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөө, Макулдашуунун жоболорун аткарууну камсыз кылуу үчүн макулдашуучу мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда өз ара маалымат алмашуу саналат.

Макулдашуу Кыргызстан жана Словакиянын салык мыйзамдарынын өз ара мамилелеринде жалпы мамилени иштеп чыгуу үчүн да зарыл, ал бир эле учурда КР салык мыйзамдарында улуттук жоболорду чагылдырмак.

Мындан тышкары, белгилей кетүүчү нерсе, жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуу эл аралык кош салык салуунун укуктук чөйрөсүндө пайда болгон жалпы көйгөйлөрдү жана милдеттерди чечүүдө бирдиктүү форма болуп саналат. Макулдашуу өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү жана инвестициялардын көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий